2022-03-28

ТИЛ ҮЙРӨТҮҮ БӨЛҮМҮНҮН КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮ КООРДИНАТОРЛУГУНУН СЕМИНАРЛАРЫ УЛАНУУДА


Университетибиздин Чет тилдер жогорку мектебине караштуу Тил үйрөтүү бөлүмүнүн Кыргыз тили координаторлугу тарабынан ушул жылдын 23-24-мартында шаарыбыздагы Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясында “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде кыргыз тилин чет тили катары үйрөтүү усул-ыкмалары” аттуу семинар-тренинг уюштурулду. Семинар-тренингге билим берүү орус тилинде жүргүзүлгөн мектептин кыргыз тили мугалимдери катышышты.

Семинар КРнын гимнинин жаңыруусу жана университетибизди таанытуу үчүн даярдалган видеороликти көрүү менен башталды. Семинар-тренингдин ачылыш сөзүн университетибиздин Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмез жасап, андан ары  Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүр жардамчысы Салия Вайсаканова жана аталган  мектеп-гимназиянын директору Абдураимова Анара Хабибовналар  сүйлөштү.

Эң алгач университетибиздин Чет тилдер жогорку мектебинин Кыргыз тили координатору Аскатбек Мамадиев “Кыргыз тилин чет тили катары окутуунун усул-ыкмалары жана окуу материалдарынын жазылышынын кыскача таржымалына токтолуп, семинар-тренингдин алгачкы баяндамасын жасады. Андан ары эки күндүк иш-чарада төмөнкү баяндамалар жасалды:

“Окуп түшүнүү  жана анын илимий-методикалык негиздери” – Назгүл Мурзакматова,

“Монолог жана диалог – кепти өстүрүүнүн негизи катары” – ф.и.к. Анара Йүрүмез,

“ Угуп түшүнүү аркылуу тил үйрөтүү” – Айнура Бейшеева,

“Кыргыз тилин чет тили катары үйрөтүүдө грамматика” – ф.и.к. Гүлзат Нурдин кызы,

“Көрмө фильмдер аркылуу тил үйрөтүү” – Аскатбек Мамадиев,

“Жазуу иштерин жүргүзүүнүн усул-ыкмалары” – ага окут. Замира Мажитова.

Ошентип эки күндүк семинар-тренинг натыйжалуу, жемиштүү өттү. Семинар-тренингге катышкан мугалимдер жигердүү катышып, семинардын аягында сертификаттарга ээ болушту. Ал эми семинар-тренинггде баяндама жасаган окутуучулар мектептин окутуу жамааты тарабынан ыраазычылык кат менен сыйланышты.